Учурда Кыргызстан дүйнө­дөгү окуялардын оро-парасын­да өтө драмалуу мезгилди ба­шынан кечирип жаткан чагы. Бийлик канчалык зымпыйга­ны менен, “баары жайында” деп илгеркилердин кейпинде аракеттенимиш эткени кыр­даалды ого бетер курчутуп, ансыз да араң турган Атамбаев бийлиги солкулдап турганы
 
Экс-депутат Камчыбек Ташиев камалып, соттолуп чыкты. Бул ага белек эмес да, жетиштүү деңгээлде оор жаза алды. Жалал-Абадда болсо Ташиевдин обладминистрацияга кирип барган жактоочулары 3 жылга шарттуу соттолушту
 
Кыргызда "жандоочу кийик аттырат" деген жакшы кеп бар. Муну айтканым, акыркы кездерде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Президентке жакшы жандоочу болбой эле, оюна келгенди оттоп жатып "каңдоочу" болгону калды. Эсибизде болсо, Белоруссияда безип жүргөн президент Курманбек Бакиевдин доорунда агездеги премьер-министр Данияр Үсөнов да азыркы премьердей ар кайсыны айтып араң турган элди ого бетер козуткан.
 
3 миң чамалуу памирлик кыргыз калктуу конуштардан кыйла алыста, 4,5 миң метр бийиктикте жайгашкан өтө кыйын шартта жашап келет
 
"Ак-Кеме" мейманканасында жаңы түзүлгөн "Бир бол" саясый партиясынын курултайы болот
 
Кыргызстандагы эң ири "Кумтөр" алтын кенинин тегерегиндеги чуу дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турат. Мындай маанилүү маселе кандай чечилери азырынча белгисиз. Жогорку Кеңештин жана президенттин соңку билдирүүсүнө караганда, "Центерра" компаниясы ыкка көнбөсө, келишим бир тараптуу бузулчудай.
 
Эскирген, айрылган, күйгөн акчаларды алмаштыруудагы, эсептөөдөгү, сомдорду иреттеп, таңгактап чыгуудагы жана колдонуудан чыккан акчаларды жок кылуудагы кызыктарды көрдүк.
 
Бул жумада жалпы кыргызстандыктар үчүн, коом үчүн өтө жагымсыз окуялар болду. Жума ичинде белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов катуу сабалса, журналист, белгилүү тамада Бакыт Букаев мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Адвокаттын сабалышы саясый буюртма экени айтылса, тамаданын өлүмү азырынча табышмак бойдон турат.
 
Депутаттардын "Кадиллак" талашканын көрүп ал анан!